Чет жактан келген дөңгөлөктөрдүн сапатын өкмөт көзөмөлдөйт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде
Работа шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер алып келинген дөңгөлөктөр талапка жооп бербесе, импортер товарды өлкөдөн кайра алып чыгып кетиши керек.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экономика министрлиги Кыргызстанга буга чейин пайдаланылган унаа дөңгөлөктөрүн киргизүү тартиби боюнча өкмөттүн токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жайгаштырылган. Жободо дөңгөлөк чыгаруу өндүрүшү жолго коюлбагандыктан, Кыргызстан чет жактан келген товарга көз каранды экени айтылат.

Жолдогу ээнбаштык: капотко жабышкан инспектор, темир тордун артындагы улан
Маалыматка ылайык, былтыр өлкө аймагына 223 миң жаңы жана 439 миң эски дөңгөлөк кирген. 

Үстүбүздөгү жылдын март айында өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан корутунду чыгарылып, ал жерде мамлекетке кирген дөңгөлөктөр боюнча талаптар каралган. Ага ылайык, дөңгөлөк даярдалганынан бери беш жылдан ашпоосу зарыл, анда кесилген жерлери, шишиктер болбошу керек жана дөңгөлөктүн протектору 4 миллиметрден кем эмес болуусу шарт. 

Эгер алып келинген дөңгөлөктөр талапка жооп бербесе, импортер товарды өлкөдөн кайра алып чыгып кетиши керек.

Министрликтен бул долбоор салыктан түшкөн каражаттын жардамы менен мамлекеттик бюджетке ири пайда алып келерин белгилти. Алдын ала эсептер боюнча быйыл мамлекетке 300-400 миллион сом пайда түшүүсү күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0