Экономика министрлиги: "Манас" аэропортунун жанына казино курулбайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКазино. Архив
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектен 26 чакырым алыс жерде инвестициялык каражатка казино салуу пландалган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанына казино курулбай турганын Экономика министрлиги билдирди.

Жол салуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна кошумча 500 млн. сом бөлүнөт
Буга чейин өкмөт көңүл ачуучу жай курууну демилгелеп, Жогорку Кеңешке казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору жиберилген. Казинодо чет элдиктер гана ойномок. 

Кумаркана 30 гектар жерге курулуп, Бишкек шаарынын 26 чакырым алыстыкта орун алмак.

Экономика министрлиги бул курулушту баштоо коомдун колдоосуна алынбаганын билдирди. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн, коомдук жана саясый ишмерлердин да пикири терс болгондуктан аны эске алуу менен курулушту токтотуу максатка ылайыктуу экени министрлик тараткан билдирүүдө айтылат.

2012-жылдын башында өлкө аймагындагы кумарканаларга тыюу салынган. 2015-жылдан тарта букмекердик жайлар дагы жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0