Мамлекеттин карамагындагы он ишкана айрым салыктардан бошотулду

Жазылуу
Мындай чечим өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өкмөттүн атайын токтому менен пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн 10 адистештирилген уюм бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мындай чечим КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде кабыл алынган.

Салыктардан бошотулган уюмдар:

  • Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы;
  • "Ошсууканал" Ош муниципалдык ишканасы;
  • Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы; 
  • Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому;
  • "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому;
  • "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому;
  • "Ошэлектр" ачык акционердик коому;
  • "Жалал-Абадэлектр" ачык акционердик коому;
  • Жалал-Абад мэриясына караштуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы;
  • "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0