Жээнбеков: CASA-1000 долбоорунун зарылдыгы башынан эле айкын болчу

Жазылуу
Энергетикалык долбоордун алкагында Кыргызстан менен Тажикстанда өндүрүлгөн экологиялык таза электр энергиясын экспорттоо пландаштырылат.

ТУРСУНЗАДЕ, 12-май — Sputnik. Кыргызстан үчүн CASA-1000 долбоорунун зарылдыгы башынан эле айкын болчу. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Турсунзаде шаарында салтанаттуу аземде билдирди. 

Ал долбоорду ишке ашыруу Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсү үчүн негизги өбөлгө болорун белгилеп, мында Кыргызстан менен Тажикстандын алдында Түштүк жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганына токтолду.

"Өз кезегинде Афганистан менен Пакистан социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы шарттарга ээ болот. Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэлектрстанциялары тарабынан өндүрүлгөн экологиялык жактан таза продукция экспорттолот", — деди өкмөт башчы.

Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну көздөйт. 

"Биз долбоорго катышкан мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгын көздөө менен өз ара пайдалуу кызматташууну шарттай турган бул долбоордун зарыл экенин башынан эле көрүп билгенбиз", — деди ал. 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Рахмон: CASA-1000 — бул жөн гана пайдубал түптөө эмес
CASA-1000 долбоору Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал 2016-2020-жылдары ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0