Өнүктүрүү фонду: ишкердик үчүн насыяны 5 пайыздык үстөк менен 9-10 комбанк берет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акчалар жана көз айнек. Архив
Столдогу акчалар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айында кичи жана чакан ишкерлик үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирген. Учурда насыяны үч банк берип жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кичи жана чакан ишкерлик үчүн пайыздык үстөк менен насыя берүү программасына 10 банктын катышуусу пландалып жатат деп айтылат КРдин Соода өнөр-жай палатасы тараткан билдирүүдө.

Апрель айында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) программанын ишке киргенин жарыялаган. Анда беш пайыздык үстөк менен миллион долларга чейин насыя алууга болот. 

Соода өнөр-жай палатасы насыянын жеткиликтүүлүгүн жана анын жайылуу аймагын кеңейтүү үчүн банктардын тизмесин көбөйтүүнү пландап жатат. Фонддун кеңеши өнөктөш банктарды тандоонун талаптарын жеңилдетүү боюнча сунушту жактырган.

"ОКӨФдун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, фонд тарабынан азыркы кезге чейин бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. Аталган программага 9-10го чейин банктын катышуусу күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Соода өнөр-жай палатасынын жетекчилигинин өтүнүчү менен Фонд ишкерлер арасында беш пайыздык насыя алуунун жолдору боюнча кеңири иш-чараларды өткөрөт.

Учурда ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыя Айыл Банк", "РСК Банк" жана KICB банктары аркылуу берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0