Эсеп палатасы Саламаттык сактоо министрлиги келтирген миллиондогон сом зыян тапты

Жазылуу
Аталган министрликте Эсеп палатасы тарабынан 2014-жылга карата аудит жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынын 13,7 миллион сомдук мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы 2014-жылга Саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бюджеттик жана башка каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүзгөн.

"Аудиттин жүрүшүндө 13,7 миллион сом каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен 9,1 миллион сом бюджетке кайтарылууга тийиш", — деп жазылат маалыматта. 

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тендер шартын бузуп, өлкөгө 2 млн. сом зыян келтиргендерге кылмыш иши козголду
Анын ичинен курулуш иштерин жүргүзүү — 5,8 миллион сомду, эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр — 4,6 миллион сомду, ижара төлөмдөрүнөн чегерүүлөрдөн бюджетке түшпөгөн акча — 1,5 миллион сомду, дебитордук жана ашырылган насыя карыздарды эсепке алуу боюнча жашыруулар — 0,7 миллион сомду жана башка мыйзам бузуулар 1,1 миллион сомду түзгөн. Учурда мекеме тарабынан бюджетке 7,2 миллион сом кайтарылды. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине аудиттин жыйынтыктарын кароо, аныкталган каржы бузууларын жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0