Бүгүн Ош шаарында эл аралык бизнес-жармаңке башталат

Жазылуу
Бул иш-чарага 60тан ашуун компаниялар өз продукцияларын сатыкка алып чыгуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрында эки күн боло турган эл аралык II бизнес-жармаңке башталды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Ага Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген ишкерлер катышат. Жалпысынан 60тан ашуун компаниялар өз продукцияларын жармаңкеге алып чыгуусу күтүлүүдө", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Жармаңкеде фирма-заводдордон чыккан продукциялар, курулуш материалдар дүң баада сатылып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууга жана кеңири маалымат алууга шарт түзүлөт.

Бизнес-жармаңкени Ош шаарынын мэриясы, Оштогу жаш ишкерлер ассоциациясы менен биргеликте уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0