Катар Кыргызстан менен кызматташууга даяр

© пресс-служба МИД КРКатар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Мисфери Хамад Аль-Шахвани Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолугушууда
Катар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Мисфери Хамад Аль-Шахвани Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар эки элдин ортосундагы мамилени жана кызматташууну өнүктүрүү жаатында баарлашты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Катар өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Бул тууралуу аталган фонддун аткаруучу директору Мисфери Хамад Аль-Шахвани Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолугушууда билдирди.

Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министри келди
Анда элчи кыргыз-катар мамилелери тууралуу айтып берип, эки элдин кызматташуусун өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды айтты. 

Мындан тышкары, эки тарап социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Мисфери Хамад Аль-Шахвани өз кезегинде фонддун иши тууралуу айтып берип, Катар өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен кызматташууга дилгир экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0