Экономика министри кепилдик фонддун эсеби эмнеден толукталарын айтты

Жазылуу
Арзыбек Кожошевдин айтымында, көптөгөн дыйкандар күрөөгө койчу эч нерсеси болбогондуктан насыяларды ала албай келет. Ал эми Мамлекеттик кепилдик фонду насыя алуучулардын көбөйүшүнө жардам берет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Мамлекеттик кепилдик фондуна каражатты Орус-кыргыз өнүгүү фонду менен Азия өнүктүрүү банкы бериши мүмкүн. Ошондой эле республикалык бюджеттен да акча караларын экономика министри Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Учурда облустук кепилдик фонддорунда жалпысынан алты миллион сом бар экенин министр баса белгиледи. Бул каражат дыйкандардын алган насыясынын күрөөсү.

"Бул, албетте, жетишсиз. Мамлекеттик фондго канча каражат керектигин мен азыр так билбейм. Фонд республикалык бюджеттен, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан каржыланат деп пландап жатабыз. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы фондго кызыгуусун билдирди", — дейт министр.

Кожошевдин айтымында, көптөгөн дыйкандар күрөөгө койчу эч нерсеси болбогондуктан насыяларды ала албай келет. Ал эми Мамлекеттик кепилдик фонду насыя алуучулардын көбөйүшүнө жардам берип, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Ал ошондой эле "Мамлекеттик кепилдик фонду" ААКты түзүү тууралуу токтомдун долбоору өкмөттүн аппаратына жакын арада сунушталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0