Кулматов: бизнес жана айыл чарбасы үчүн дагы 10 млрд. сом бөлүнөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо иштери. Архив
Түшүм жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу айыл-чарба продукцияларын кайта иштеткен ишкерлерге, логистикалык борборлорду курууга да насыя берүүнү колго алышы керектигин билдирди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кулматов өкмөт башчыга коммерциялык банктар аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө берилчү насыя программасы боюнча маалымат берди. Ошондой эле насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн өнөктөш банктардын тизмесин кеңейтүү пландалып жатканын айтты.

Нарын дарыясындагы ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кореялыктар Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн берилип жаткан насыянын бир жылдык үстөгү 5 пайыз. Бул багытка бир миллион долларга чейин каражат каралган. Кулматов ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен фонд чакан жана орто бизнес менен айыл-чарбасын колдоо үчүн кошумча 10 миллиард сом бөлүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Жээнбеков чакан жана орто бизнести колдоо экономиканын туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген маанилүү багыт экенин айтты.

Ошондой эле өлкөнүн айыл-чарбасы багытындагы мүмкүнчүлүгү абдан чоң экенин айтып, аталган фонд айыл-чарба продукцияларын кайта иштеткен ишкерлерге, логистикалык борборлорду курууга да насыя берүүнү колго алышы керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0