Президент Азия өнүгүү банкынын өкүлчүлүк башчысы Рие Хираоканы кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алуу учурунда
Алмазбек Атамбаев Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираока өлкөдө беш жыл иштеди.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн миссиясы бүтүп жатканына байланыштуу Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосунда инфраструктура, энергетика, айыл чарба жана билим берүү чөйрөлөрүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланды.

Ирандын Мазандараны менен Ысык-Көл экономикалык алака түзмөй болду
Рие Хираока Кыргызстандагы орошон өзгөрүүлөргө өз көзү менен күбө болгонуна канааттанганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жемиштүү иши жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү долбоорлорго кошкон салымы жана Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты тереӊдеткени үчүн Рие Хираокага ыраазылыгын жолдоду. 

Эскерте кетсек, Рие Хираока Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору болуп 2011-жылдын январынан бери иштеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0