Статком: негизги капиталга багытталган инвестициянын көлөмү төмөндөдү

Жазылуу
Инвестициянын жалпы көлөмүнүн 77,9 пайызы пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Негизги капиталга багытталган инвестициянын көлөмү 16,6 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 0,7 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтына жарыяланды.

"Ал эми ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 4,9 пайызга көбөйсө, тышкы булактардын эсебинен, тескерисинче 16,2 пайызга кыскарган", — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, инвестициянын жалпы көлөмүнүн 77,9 пайызы пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0