Атамбаев БАЭден келген делегацияны кабыл алды

Жазылуу
Учурдан пайдаланып президент Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүн быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына чакырды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

БАЭнин энергетика министри Сухейл Мухаммед Фараджи Аль-Мазруи өзү жетектеп келген делегация бул сапарга өтө дыкаттык менен камданганын белгилеген.

"29 адамдан турган делегацияга өлкөдөгү эң ири компаниялардын өкүлдөрүн киргизүүгө аракет кылдык", — деп билдирди министр.

БАЭ менен Кыргызстан экономикалык кызматташууну талкуулады
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу багыттары, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдө, жеӊил өнөр жай, кайра иштетүү жана айыл чарба тармагында биргелешкен аракеттерди жандантуу зарылдыгы айтылды. 

Учурдан пайдаланып президент Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүн быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына чакырды. 

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинин инвестициялык делегациясынын иш сапары, Атамбаевдин аталган өлкөгө 2014-жылдагы расмий иш сапары маалында жетишилген макулдашуулардын алкагында өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0