Депутат: "Жер-Үйдүн" акчасы кайда же Темир Сариев элди алдадыбы?

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлытн кен карьери. Архив
Алытн кен карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү эбак которула турган каражат эмне себептен улам эми бюджетке кирип жатканына түшүнбөй турганын айтты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Жер-Үй" кенин иштетүүгө берилген лицензия 100 миллион долларга (азыркы курс менен 6 миллиард 869 миллион сом) сатылып, анын 340 миллион сому азыркыга чейин жергиликтүү айылга бөлүнүп бериле элегин айтты. 

"Кенден түшкөн 100 миллиондун 340 миллион сом жергиликтүү Бекмолдо айылына бөлүнмөк. Темир Сариев Каржы министрлигине тапшырма берип, жакында бөлүнөрүн айткан. Бирок, бул министрлик акча бюджетке эми киргизилгенин айтып жатат", — дейт Момбеков.

Депутат эбак которула турган каражат эмне себептен улам бюджетке эми кирип жатканына түшүнбөй турганын айтты. 

"Элди Сариев алдадыбы же Каржы министрлигиби? Мен түшүнө албай жатам", — дейт Момбеков. 

Эске салсак, Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугуна "Восток-геолдобыча" ишканасы ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0