КР делегациясын Москвадагы Евразиялык өкмөт аралык кеңешке Панкратов жетектеп барды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМинистр экономики Кыргызской Республики Олег Панкратов. Архив
Министр экономики Кыргызской Республики Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын бүгүнкү күнгө белгиленген. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууга алынат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Москвада бүгүн өтө турган Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, делегацияны вице-премьердин милдетин аткаруучу Олег Панкратов жетектеп барды. 

Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууга алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0