Доллардын наркы 68 сомго чейин түшүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркек киши капчыктан акча чыгарып атат. Архив
Эркек киши капчыктан акча чыгарып атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде "жашыл акча" бир жарым сомго арзандаганы менен бирок, расмий курсу өзгөрүлгөн жок.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Доллардын баасы 68 сомго чейин түшүп кетти деп билдиришти Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардан.

Доллар валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк валюта рыногуна 14,3 миллион доллар сатты
Кечээ, 8-апрелде америка валютасын акча алмаштыруучу жайлардан 69,6 сомго сатып алып, 70 сомго соодалап жатышкан.

Бүгүн саат 11ге карата сатып алуу баасы 68 сом, ал эми сатуу 68,5ти түздү. Ошентип, бир сутка ичинде "жашыл акча" 1,5-1,6 сомго арзандады.

Улуттук Банкта расмий курс дээрлик өзгөрүлгөн жок, доллар орточо эсеп менен 69,97 сом болуп турат.

Январь айында бул валютанын курсу 76 сомдон кармалып туруп, андан соң арзандай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0