БИШКЕК, 9-апр. – Sputnik. Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев эт, төө буурчак жана мөмө жемиштерди Сауд Аравиясына экспорттоону сунуштап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Бекбоев Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы 8-апрель күнү кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн соода-сатык багытындагы катышын күчөтүү талкууга алынган.
Элчи Кыргызстандын ичинде логистикалык соода борборунун алкагында дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген фитосанитардык жана карантиндик зоналарды ачып, Кыргызстандын койлорун тирүүлөй экспорттоо маанилүү экендигин айтканы маалыматта белгиленет.
Ал эми министр Бекбоев сунушту өз учурунда колдоого алуу менен Кыргызстандын мөмө-жемиштерин дагы экспорттоо боюнча маселени көтөргөн.