Улуттук банк валюта рыногуна 14,3 миллион доллар сатты

Жазылуу
Жалпысынан 91,7 миллион доллар сатылган. Акыркы убакта АКШ долларынын сомго болгон баасы бир аз жогорулап жатат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Улуттук банк 28-январдан бери экинчи жолу валюта рыногуна доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

Январда бир АКШ долларынын баасы 76 сом болуп, сомдун наркын кармап туруу үчүн Улуттук Банк 77,4 миллион доллар саткан. 

Доллар жана сом акчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар кымбаттап 70,2 сомго жетти
Февралдан баштап доллардын курсу төмөндөй баштаган. Апрель айынын башында бир АКШ доллары 67 сомго чейин төмөндөп, Улуттук банк валюта рыногунан 86 миллион 420 миң доллар сатып алган

Акыркы күндөрү АКШ доллары көтөрүлө баштады. Улуттук банк доллардын расмий курсун 69,67 сом деп белгиледи.

7-апрелде 14,3 миллион доллар сатылды. Ошентип жыл башынан бери Улуттук банк 91,7 миллион долларды саткан.

Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы өсө баштады. Brent үлгүсүндөгү нефтинин баррели 38,5 доллардан ашканын РИА Новости билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0