Депутат: эттин арзандашы фермерлердин жарымын сызга отургузду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭт сатуу. Архив
Эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын этине чет өлкөдө суроо-талап аз болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эттин арзандашынан фермерлердин теңи сызга отуруп калды. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саатта билдирди.

Анын айтымында, эттин баасынын түшүп кетиши фермерлер үчүн чоң сокку болду. 

"Мындан улам, көптөр мал багуудан баш тарта баштады", — деди эл өкүлү.

Өз кезегинде премьер-министр Темир Сариев фермерлердин банкрот болгондугу тууралуу так кесе айтуу туура эмес экенин белгиледи. 

"Буга чейин саясатчылар баа өсүп, жашоо-турмуш начарлайт дешкен. Бирок биз азыр тескери көрүнүштү башыбыздан кечирип жатабыз", — деди өкмөт башчы.

Муну менен бирге Сариев Россияда уй этине гана талап бар экенин, ал эми Казакстанда да эттин баасы түшүп кеткенин белгилеп, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл да бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0