Министрлик тажиктердин жолу менен чарба тармагын өнүктүрүүнү сунуштады

Жазылуу
Тажикстандын Айыл чарба министри менен жолукканымда мөмө-жемиш эгүү дыйкандар үчүн кыйла пайдалуу экенин билдирди дейт КРдин айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги парламентке дыйкандардын кирешесин көбөйтүү жолун айтып, айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Кампадагы картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапырт банкрот болгон дыйкандар жана министрликтин кыл учундагы тагдыры
Бүгүн, парламенттин пленардык жыйынында Айыл чарба министрлиги "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. 

Министр Турдуназир Бекбоев мораторий жарыяланган сугат жерлерге мөмө-жемиш бактарын отургузууга уруксат берүү сунушун берди. Анын айтымында былтыр 47 миң гектар сугат жери бекер колдонулбай калган. 

"Тажикстандын Айыл чарба министри менен жолукканымда мөмө-жемиш эгүү дыйкандар үчүн кыйла пайдалуу экенин билдирди. Анын айтымында тажикстандык дыйкандар бир миллион тонна мөмө-жемиш экспорттого жетишкен. Азыркы мыйзам долбоорун сунуштоого коңшу өлкөнүн ийгиликтүү практикасы дагы себеп болду", — деп билдирет Бекбоев. 

Өрүк дарагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластыктар кара өрүк тигүүгө кызыга баштады
Анын айтымында, бир гектар жерге төө буурчак же дагы башка эгиндерди эгип чыгымды актабаган каражат алганча, мөмө-жемиш сатып, миллион киреше тапса болот. 

Берилген сунуш депутаттар арасында талаш жаратты. Айрымдары мыйзам долбоорун сөзсүз колдоо керек десе, башкалары элдин баары мөмө-жемишке өтүп кетсе, буудай, арпа эгилбей эл наны жок отуруп калабы деген сыяктуу кооптонуулар бар экенин эскертишти. 

Депутат Рыскелди Момбеков Таластын эли төө буурчактан банкрот болгондон кийин мөмө-жемишке өтө баштаганын билдирди. 

"Таластыктар 10 миң гектар жерге кара өрүк отургузуп салышты. Аларды мен толук колдойм. Өзүн-өзү актабаган эгинди эккиче мөмө-жемишке өтүү туура", — деп билдирди Момбеков. 

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев Айыл чарба министринин алып келген мыйзам долбоорун сынга алды.

"Сугат жерлерине мораторийди биз жөн эле киргизип койдук беле? Ал жерлерге үйлөр салынып кетпесин деп коргоп жатпайлыбы. Мөмө-жемиштер тигилип калса, аны кайтартуу үчүн кароолчуларга үй салынат, дагы башкасы болуп отуруп, сугат жерлерди жоготуп алабыз", — дейт Бокоев.

Депутат, түз эле сугат жерлерине уруксат берүүдөн мурун иштетилбей калган кайрак, таштак жерлерди ишке берүү керек экенин айтты. Себеби, алма, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштин тамырлары жерге терең жайылып, сууну көп талап кылбайт. Аларды тамчылатып сугаруу жолу менен бакса болот. 

Талкуунун жыйынтыгында, мыйзам долбоорун азырынча биринчи окуудан өткөрүп, экинчи окууда дыкат кароо сунушу колдоо тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0