Дүйнөлүк рейтинг агенттиги Кыргызстандын экономикасын боолголоду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтолдогу акча. Архив
Столдогу акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Standard & Poor's эл аралык агенттиги мамлекеттик карыздын көбөйүшү менен бюджеттин таңсыктыгына эмне себепкер болорун божомолдоду.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Standard & Poor's (S&P) эл арадык рейтинг агенттиги Кыргызстандын "B/B" деңгээлиндеги узак жана кыска мөөнөттүү көз карандысыз рейтингин тастыктады.

Агенттик муну менен өлкө экономикасынын туруктуу болушун божомолдоп, бирок терс жагдайлар өкмөттүн карызды жабуусуна таасир тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

"Кыргызстандын тышкы экономикасы экспорттук базанын туруксуздугу менен Россиядан которулуп келчү акчадан көз карандылыктан улам алсыз бойдон калууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаарларды өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 млн. доллар бөлөт
Standard & Poor's агенттигинин эксперттеринин эсеби боюнча Кыргызстан бюджетинин таңсыктыгы 2016-2017-жылдары 4,5 пайызга жетиши мүмкүн. Ал эми алдыдагы үч жылда мамлекеттик карыздын көлөмү ИДПнын 70 пайызын түзүшү ыктымал. Салыштыруу үчүн айтсак, 2012-2015-жылдары бул көрсөткүч 55 пайызды түзүп келген.

Standard & Poor’s агенттигинин узак мөөнөттүү рейтингдери өкмөттүн өз убагында карыздан кутуулусун баалайт. Аталган агенттик Moody's жана Fitch Ratings компаниялары менен биргеликте эл аралык рейтинг агенттиктердин алдыңкы үчилтигине кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0