Шаарларды өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 млн. доллар бөлөт

Жазылуу
Каражат Шаарларды өнүктүрүү долбоорунун алкагында берилүүдө. Акчанын теңинен көбү насыя катары берилсе, дагы бир бөлүгү грант түрүндө болот.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын шаарларды өнүктүрүү долбоору үчүн 12 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алганын аталган банктын өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, каражаттын 6,6 миллион доллары жеңилдетилген насыя катары берилсе, калган 5,4 миллион доллар грант түрүндө бөлүнүүдө.

Шаарларды өнүктүрүү долбоору республиканын бир катар калктуу пункттарындагы объектилердин сейсмикалык туруктуулугун камсыздоого жана энергетикалык натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

"Долбоордун алкагында Кербен жана Сүлүктү шаарларын суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу, Балыкчы менен Токтогул калааларын жарыктандыруу жана таштандыдан арылуунун жолдору каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Көп кабаттуу батирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыя берүүнү баштады
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жан Мишель Хаппи аталган долбоор Кыргызстандагы жакырчылыкты азайтууга багытталганын белгиледи. 

Шаарларды өнүктүрүү долбоору 2016-2020-жылдардын аралыгында Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте ишке ашырылат. Ал эми кыргыз өкмөтү бул долбоорго 2,4 миллион доллар каражат салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0