Улуттук банк 2 млрд. сом ипотекалык насыяны трансформациялады

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 25-март күнү президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Улуттук банк тарабынан 2397 жарандын ипотекалык насыясы трансформацияланды. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин башчысы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алуу учурунда белгилүү болду.

Көп кабаттуу батирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыя берүүнү баштады
Улуттук банк төрагасынын айтымында, президенттин тапшырмасынын негизинде трансформацияланган насыянын суммасы 2 миллиард 163 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары, Абдыгулов мамлекет башчысына башкы банктын өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча жасап жаткан иштери тууралуу айтып берди. 

Президент Улуттук банк кыргыз валютасын колдоо, банк жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун гана эмес, дыйкандардын арзан насыялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн да камсыздашы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0