Өлкө башчы Кулматовго насыя үчүн кошумча 10 млрд. сом бөлүп берүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент экономиканын бардык тармагын жандандыруу, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана евразиялык интеграциянын шартына көнүү жаатында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жакын арада толук кандуу ишин башташы керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду айыл чарбасы үчүн насыя берүүгө кошумча 10 миллиард сом бөлүп бериши керектигин президент Алмазбек Атамбаев аталган фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматовду кабыл алуу учурунда билдирди.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында чейрек кылымдан бери биринчи жолу 5 кабаттуу үй курулат
Маалыматка ылайык, өлкө башчы экономиканын бардык тармагын жандандыруу, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана евразиялык интеграциянын шартына көнүү жаатында фонд жакын арада толук кандуу ишин башташы керек экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, жергиликтүү ишкерлердин арзан жана узак мөөнөттүү насыя алуусу өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Мындан улам Атамбаев Кулматовго жакынкы айларда айыл чарбасы үчүн насыя берүүгө кошумча 10 миллиард сом бөлүп берүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0