Улуттук банк 10,3 миллион доллар сатып алды

Жазылуу
Быйыл башкы финансылык мекеме сегиз операциянын натыйжасында 42 миллион доллар сатып алууга жетишти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өлкөнүн башкы банкы кечээ 10,3 миллион доллар сатып алганын мекеменин сайтында айтылат.

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
УБ: рубль кунунун бекемделиши менен улуттук валюта рыногу турукташты
Башкы банк быйылкы жылдын эсеби менен март айында жети жолу валюта рыногуна чыгып, 37 миллион 450 миң доллар сатып алган. 

Кечээ Улуттук банк дагы бир ирет валюта базарына чыгып, 10,3 миллион доллар сатып алды. 

Улуттук банк валюта базарына ар кандай себептер менен, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу үчүн интервенцияларга чыгып турат. 

Башкы банктын маалыматы боюнча, учурда доллардын расмий курсу жети тыйынга төмөндөп, 71,94 сомду түздү.

Евро жана ЕВЭБ валюталарынын долларга карата жыл ичиндеги өзгөрүүсүн Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0