CASA-1000 долбоорунун май айында башталышы күтүлүүдө

Жазылуу
Мында Пакистан, Тажикстан, Афганистан жана Кыргызстан президенттеринин катышуусу менен салтанаттуу азем өтөт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. CASA-1000 долбоорунун башталышына арналган салтанаттуу аземге Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмазбек Усенов билдирди.

Сариев Пакистандын министри менен CASA-1000 долбоорун ишке ашырууну талкуулады
"Авеста" порталынын маалыматы боюнча кечээ Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Маджлиси намояндагондун спикери Шукуржон Зухуров менен Пакистандын президенти Мамнун Хусайндын жолугушуусу өттү.

Иш-чарада долбоорго катышып жаткан мамлекет башчылары (Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан) 12-майда Тажикстандагы электр линия курулушунун жерпайын түптөө аземине катыша турганы айтылды. 

"Ооба, өлкө башчынын аталган иш-чарага катышуусу күтүлүп жатат", — деп тастыктады Усенов.

CASA-1000 долбоорунда Борбор Азия аркылуу Афганистан менен Пакистанга электр линияларынын курулушу каралган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы линия 477, ал эми Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга чейин 750 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0