Бүгүн Бишкекте өлкөнүн тоо-кен тармагындагы саясаты талкуууланат

Жазылуу
Иш-чарада инвестиция тартуу, кен иштеткен компаниялардын экологиялык жана социалдык жоопкерчилиги талкууланат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жергиликтүү жана чет элдик эксперттер Кыргызстандагы тоо-кен тармагы боюнча талкууда чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын айтып беришет. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Таштанды кайра иштетүү заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореялык инвесторлор Кыргызстандагы таштандылар менен жер астындагы кендерге кызыгууда
Аталган конференция бүгүн Бишкек шаарында өтөт. Анда жер казыналарын иштетүү боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат, инвестиция тартуу, кен иштеткен компаниялардын экологиялык жана социалдык жоопкерчилиги талкууланат.

Иш-чарага кен байлыктарын иштетүү тармагында иш алып барган мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0