Кыргызстанга даниялык инвесторлорду тартуу маселеси чечилип жатат

© пресс-служба Жогорку КенешЖогорку Кеңештин коалиция лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган делегациясы Копенгагенде Даниянын Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысынын орун басары Аллан Кристенсен жана бир катар чиновниктер менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин коалиция лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган делегациясы Копенгагенде Даниянын Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысынын орун басары Аллан Кристенсен жана бир катар чиновниктер менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даниянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү жергиликтүү ишканаларды Кыргызстанга тартуу жолдору каралып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Данияда Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу маселелери каралып жатканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин коалиция лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган делегациясы Копенгагенде Даниянын Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысынын орун басары Аллан Кристенсен жана бир катар чиновниктер менен жолугушту. Анда Турсунбеков эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн төмөнкү деңгээлин белгилеп, экономикалык кызматташуунун өнүктүрүү зарылдыгын кошумчалады. 

"Мындан улам Кристенсен резиденциясы Москвада жайгашкан Даниянын элчисине Кыргызстанга жергиликтүү компанияларды тартуу жолун аныктоону тапшырды", — деп айтылат билидрүүдө.

Мындан тышкары, тараптар ардактуу консул институтун түзүү муктаждыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0