БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк төртүнчү ирет доллар сатып алганы мекеменин сайтында айтылат.
Башкы банк быйылкы жылдын эсеби менен биринчи жолу 2-март күнү 9 миллион доллар, 4-март күнү 5,2 миллион доллар сатып алган. Үчүнчү жолу 5-мартта 1 миллион 250 миң доллар алган.
Кечээ, 9-март күнү Улуттук банк базарга төртүнчү жолу чыгып, 5 миллион 50 миң доллар сатып алды. Жалпы жонунан жыл башынан бери башкы финансылык мекеме 20,5 миллион доллар сатып алууга жетишкен.
Былтыр Улуттук банк акыркы ирет 23-июль күнү доллар сатып алуу үчүн базарга чыккан. Андан кийин 40 жолу чет элдик валютаны сатууга аргасыз болгон.
Быйыл аталган мекеме 77,4 миллион доллар сатып алды.
Улуттук банк валюта базарына ар кандай себептер менен, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу үчүн интервенцияларга чыгып турат.
Башкы банктын маалыматы боюнча, учурда доллардын орточо курсу бир тыйынга жогорулап, 72,71 сомду түздү.