КРдеги дарыяларга кубаттулугу 180 мегаватт-саатка жеткен 87 кичи ГЭС курууга болот

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Темир Сариев кичи ГЭСтер электр энергиясын өндүрүүнүн эң үнөмдүү жана экологиялык жактан коопсуз булагы экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Адистердин баалоосунда, Кыргызстандын майда дайраларында жылына 5-8 миллиард киловатт саатка чейин электр энергиясын өндүрүп чыгуу мүмкүндүгү бар. Ал эми учурда 3 пайыздан ашпаган энергия өндүрүлүүдө. Бул тууралуу кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча иштиктүү кеңешмеде Инвестицияларды алга жылдыруу агенттигинин директору Алмаз Сазбаков айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев да катышкан. Ал кичи ГЭСтердин инвестициялык долбоорлору бир катар маанилүү артыкчылыкка ээ экенин айтып, анын курулушу кыска мөөнөттө ишке аша турганын баса белгиледи. 

"Кичи энергетиканын артыкчылыктарына электр энергиясынын төмөнкү өздүк наркын жана эксплуатациялык чыгымдарын жана ГЭСтердин узак мөөнөттүү кызмат аткаруусун мисал келтирүүгө болот", — деди ал.

Сазбаковдун маалыматы боюнча, учурда кубаттуулугу 42 МВт келген 12 кичи ГЭС иш алып барып, жылына орточо алганда 140,5 млн киловатт-саат кубаттуулук өндүрүүдө.

Ал эми жалпысынан өлкөнүн бардык дарыяларына кубаттуулугу 180 мегаватт-саатка жеткен 87 кичи ГЭС курууга мүмкүндүк бар. Учурда чет элдик инвесторлордон наркы 65 миллион доллар турган 81 МВт кубаттуулуктагы 6 кичи ГЭС куруу сунушу түшкөн. 

"Андан сырткары кичи энергетика жаатында жалпы наркы 107 миллион долларлык 10 келечектүү долбоор инвесторлор тараптан каралууда. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 2017-жылга дейре Кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан", — деди Сазбаков.

Сариев: ЕАЭБге кирбесек, экономикабыздын мындан аркы өнүгүшү кыйын болот эле
Адистердин баалоосунда, Кыргызстандын майда дайраларында жылына 5-8 миллиард киловатт-саатка дейре электр энергиясын өндүрүп чыгуу мүмкүндүгү бар, ал эми азыркы учурда 3 пайыздан ашпаган энергия өндүрүлүп жатканын ал кошумчалады.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт саатты түзөт. Ал эми реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин анын кубаттуулугу 1440 МВт саатка чейин жетерин Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0