Кыргызстанда жасалган товарлардан баш тарткан жети өлкө

Жазылуу
Made in kg продукциясын сатып алууну Канада менен Франция азайткан.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын сатылышы тууралуу жаңы маалыматтарды даярдады.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги биздин өлкөдөн товар импорттоону кескин азайткан мамлекеттердин рейтингин түзүп көрдү.

Канада. Бул мамлекетке экспорт 7,4 эсеге азайып, 225 миң долларды түзгөн. Аталган өлкөгө Кыргызстан кийим-кече менен илимий аспаптарды сатат.

Францияга сатылган жергиликтүү товардын көлөмү алты эсеге азайган. 2015-жылы франциялык ишкерлер болгону 320 миң долларга жашылча менен курулуш материалдарын импорттогон. 

Кыргызстандыктар импорттолгон кайсыл беш товардан баш тартууда
Афганистан. Сатып алуу 2,6 эсеге төмөндөп, тогуз миллион долларды түзгөн. Ал эми бир жыл мурда 23 миллион доллардын чегинде турган. Бул өлкөгө Кыргызстан бензин менен авиакеросин сатат.

АКШ авиакеросин менен электр жабдууларын сатып алууну 2,2 эсеге азайткан. Былтыр бул сумма бир миллиондон ашкан.

Индия. Бул жарым аралга экспорттун көлөмү эки эсеге азайып, 1,2 миллион долларды түздү. Индияда Кыргызстандан барган тери менен бут кийим жогору бааланат.

Иран Кыргызстандан импорттун көлөмүн 1,8 эсеге азайткан. Былтыр ирандыктар бизден 3,6 миллион долларга жаңгак менен жашылча-жемиш сатып алган.

Улуу Британия бизден сатып алчу продукциянын көлөмүн 1,7 эсеге азайтты. Бир жыл ичинде аталган өлкө болгону 1,8 миллион долларга соода кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0