Экономика министри MegaCom айланасындагы соттук иштер жөнүндө айтып берди

© Фото / пресс-служба Минэкономики КР Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив
Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук териштирүүлөрдөн тышкары компаниянын насыя боюнча бир топ милдеттемелери бар.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Экономика министри Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маегинде "Альфа Телеком" компаниясынын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр тууралуу айтып берди.

Мамлекеттик MegaCom уюлдук компаниясы сатыкка коюлду. Өкмөт муну ишканага кеткен чыгымды көтөрө албай турганы менен түшүндүрдү. Аукцион эки айдан кийин өтөт.

Кожошевдин айтымында, бир катар жеке ишканалардын Megacom соода маркасы менен телекоммуникациялык мүлктү сатуу боюнча тендердин мыйзамсыз экендигин таануу боюнча доо арыздары бар. Мындан тышкары, сотко "Альфа Телеком" ишканасындагы жабдууларды кайтарып берүү боюнча да кайрылышкан.

"Бул арыздар канааттандырылса, MegaCom компаниясынын эки миллиард сомдук телекоммуникациялык жабдуусу жана соода маркасынын өзү жеке компанияларга кайтарылат", — деди министр.

Кожошевдин айтымында, сот 2013-жылы "Альфа Телеком" компаниясынан төрт насыя келишиминин негизинде 14 миллион доллар өндүрүү чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, ишкананын 55 миллион долларлык насыя милдеттемеси бар.

MegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: Megacom сатылгандан кийин байланыш баасы өзгөрбөйт
Министр таанымал болуп калган брендден айрылуу компаниянын ишмердүүлүгүн алгач токтотуп коюшу мүмкүн экенин белгилейт. Ал эми компанияны өнүктүрүүгө 10 миллион долларга чукул акча талап кылынат.

Бүгүнкү күнү "Альфа Телеком" компаниясы 300 миллион долларга бааланууда. Баалоо иштерин көз карандысыз жеке компания 2015-жылдын ортосунда жүргүзгөн.

"Альфа Телеком" ЖАК 2009-жылы түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырып, 51 пайызы Елисеевге караштуу Southfield Management Inc. и Vesatel Unitеd Limited компаниясынын менчигинде калган. Өткөн жылдын июль айында акциянын 51 пайызына салынган сот бөгөтү алынып, мамлекет акциянын 100 пайызына ээлик кылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0