"Кыргызкөмүр" ишканасынан 12,6 миллион сомдун эсеби чыкпай калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүрдү вагондо жүктөө. Архив
Көмүрдү вагондо жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсеп палатасы мамлекеттик ишкананын 2013-жылы 1-июлдан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки ишмердүүлүгүн текшерген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 12,6 миллион сомдук финансылык эреже бузганын Эсеп палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Кытай — Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандан өткөн бөлүгү 430 чакырымды түзөт
Мындай мыйзам бузуу 2013-жылы 1-июлдан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда аныкталган.

Анын ичинен 8,1 миллион сомдук баалуу материалдардын жана 4 миллион сомдук 1 730 тонна көмүрдүн эсеби чыкпай калган.

Келтирилген чыгымдардын 8,4 миллион сому мамлекетке кайтарылган.

Эсеп палатасы бул факты боюнча УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0