УБ: рубль кунунун бекемделиши менен улуттук валюта рыногу турукташты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтиге болгон баанын божомолу рыноктун турукташуусуна шарт түздү. Мунун менен катар долларга болгон суроо-талап төмөндөгөнү байкалууда.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Рублдин бекемделиши кыргызстандык валюта базарынын турукташуусуна алып келгенин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери сомдун курсу 2,65 пайызга бекемделип, 73,89 сомду түздү. Улуттук банк өз интервенциялары менен рыноктун стабилдүүлүгүн сактап калды.

"Натыйжада өткөөл мезгилден ийгиликтүү өтүп кете алдык. Азыр сомдун курсу туруктуу. Мындан тышкары, буга нефтиге болгон баанын өсүшү тууралуу божомол жана рублдин бекемделиши да себеп болду", — деди ал.

Абдыгулов акыркы интервенциядан кийин долларга болгон суроо-талап төмөндөгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0