Мигранттардын Кыргызстанга салган акчасы жарым миллиард долларга кыскарды

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы өлкөгө 1 миллиард 344 миллион доллар келген. Мында рубль менен салынган каражаттын өскөнү байкалган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эмгек мигранттарынын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы былтыркы жылы жарым миллиард долларга азайганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, доллар менен жөнөтүлгөн каражат 25,8 пайызга азайып, рубль менен которулган акча 10,4 пайызга жогорулаган.

"2014-жылы 1 миллиард 811 миллион доллар акча которулган. Өткөн жылы алдын ала маалымат боюнча 1 миллиард 344 миллион доллар жөнөтүлгөн. Бул 500 миллион долларга аз", — деди Абдыгулов.

Кыргызстанга негизинен Россияда иштеген мигранттар акча которот.

Жаңылыктар түрмөгү
0