Кара-Кече менен Миң-Куш кенин иштетүүгө сынак жарыяланды

Жазылуу
Конкурска катышууну каалагандар бүгүнтөн баштап 15-апрелге чейин бардык тийиштүү документтерди тапшырышы кажет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кенин иштетүүгө сынак жарыяланганын Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги билдирди.

Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
Маалыматка ылайык, сынак бүгүн жарыяланды. Ага катышуу үчүн комиссия тарабынан 15 миллион сом өлчөмүндө төлөм бекитилип, кен тууралуу кыскача геологиялык маалымат 2,3 миллион сомго бааланды. Мындан тышкары, сынак катышуучулары 76 миллион сом өлчөмүндө кепилдик төлөм төлөшү керек.

Конкурска катышууну каалагандар бүгүнтөн баштап 15-апрелге чейин бардык тийиштүү документтерди тапшырышы кажет. Кошумча маалымат үчүн (+996 312) 909868, 909869 телефондору аркылуу же geoinvestkg@gmail.com дареги боюнча байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0