Өкмөт каржалган театрларга каражат бөлөт

Жазылуу
Демилге Тарых жана маданият жылына карата көтөрүлүүдө. Чыгармалар атайын комиссиянын чечими менен тандалмакчы.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тарыхый окуяларды сахналаштыруу үчүн өкмөттөн театрларга 15 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов театрларды өнүктүрүүгө арналган бейрасмий жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул каражат Тарых жана маданият жылына карата берилүүдө. Каражат ала турган спектаклдер атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. 

Мындан тышкары, министр учурда кыргыз театрларынын репертуарындагы мыкты спектаклдер КТРКнын "Алтын фондусуна" кабыл алынарын белгиледи.

"Бир топ жылдардан бери спектаклдер телеге тартылбай, архивге сакталбай келген. Эми тарыхта калчу чыгармаларга өзгөчө көңүл бурулат. Фондго кабыл алынуучу чыгармаларды көркөм кеңеш менен комиссия аныктайт", — деди Максутов.

Эскерте кетсек, буга чейин театрларда коюлуучу спектаклдердин даражасын аныктоо максатында аларга категория берүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0