Эмгек мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары 28 пайызга кыскарды

© Sputnik / Денис Гришкин / Медиабанкка өтүүМосквадагы миграция борбору. Архив
Москвадагы миграция борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп киргенден бери Россияга кеткен жарандардын саны көбөйдү.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Коңшу өлкөлөр менен салыштырмалуу кыргыз мигранттарынан келген акча азайганын экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБке кирүү менен Россияда эмгектенген мигранттардын саны эки пайызга өскөн. 12-январга карата алынган расмий маалымат боюнча Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны 554 миң кишини түзөт. 

"Акча которуунун көлөмү 28,3 пайызга азайды", — дейт министрдин орун басары. 

Адистин баамында, коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу акча которуу туруктуу болууда. Бирок Өзбекстан менен Тажикстанда кирешеси 50 пайызга азайган.

"Эгер өлкөбүз Евразиялык экономикалык биримдикке кирбесе, анда кошуна мамлекеттердегидей бизде да акча которуунун көлөмү төмөндөмөк", — деп Жакыпов баса белгиледи.

Кыргызстан ЕАЭБке 12-августта толук мүчө болгон. Ошол кезден тарта кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0