Кыргызстандын алтын запасынын наркы 2 млрд. сомго төмөндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банк сатка алтын куймалары. Архив
Улуттук банк сатка алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл ичинде эл аралык резервдер эле азайбастан, өлкөнүн алтын запасынын баасы да төмөндөдү.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир жыл ичинде Улуттук банктын баалуу металл запасы 2 миллиард сомго төмөндөп кеткени тууралуу маалымат аталган мекеменин сайтына жайгаштырылган.

Өткөн жылдын 1-январына карата өлкөнүн валюта резерви 1 миллиард 957 миллион доллар болсо, быйыл жылдын башына карата 1 миллиард 778 миллион долларды түзгөн. Резерв алтындан, 12 валюта жана карыз алуунун атайын укугунан турат.

Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин алтын-валюталык коруна эки "Мистраль" жана Роналду менен Мессини сатып алса болот
Улуттук банктын отчетуна ылайык, "баалуу металл" активинин баасы арзандап кеткен. 2014-жылдын 31-декабрына карата 10 миллиард 985,6 миллион сом болсо, бир жылдан кийин 8 миллиард 992 миллион сом болуп калган. Башкача айтканда, 2 миллиард сомго төмөндөгөн. Мунун себептери айтылган эмес.

Муну менен бирге ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстандын бардык активдеринин баасы төмөндөгүнүн байкоого болот.

Былтыр Улуттук банк 40 интервенция жасаган. Быйыл 77,4 миллион доллар сатылып, бул алтын валюталык резервдин азайышына алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0