Кыргызстанда экспорттолуучу товардан алынуучу салык төлөмү жоюлду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАлма. Архив
Алма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы жаңы өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөр ортосундагы атаандаштыкты жогорулатарын белгилейт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Экспорттолуучу товардан алынуучу салык төлөмү жоюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча жыл башынан тартып кошумча нарк салыгын (КНС) каттоо чеги 4 миллион сомдон 8 миллионго чейин жогорулады. 

Продавец на одном из рынков Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер товарлары тууралуу салык кызматын кабардар кылууга милдеттендирилди
Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып КНС салынуучу же аталган салыктан бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга карата сатуу салыгынын нөлдүк ставкасы белгиленди. Мында соода иши үчүн 1 пайыз өлчөмүндө, жана накталай формадагы башка иштер үчүн 2 пайыз өлчөмүндөгү көрсөткүч каралды. 

Мындан сырткары, накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салыктын ставкасы 2 эсеге төмөндөтүлөт. Эгер бүгүнкү күндө 4 жана 6 пайыз болсо, 2016-жылдын 1-июлунан тартып 2 жана 3 пайызды түзмөкчү. 

Ал эми 2018-жылдын 1-сентябрына чейин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай мекемелери үчүн КНС жана пайда салыгы боюнча колдонуудагы жеңилдиктер ошол бойдон калат.

Салык кызматы жаңы өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөр ортосундагы атаандаштыкты жогорулатарын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0