Ысык-Көлдүн пансионаттары былтыр болгону 102 млн. сом салык төккөн

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү эс алуучулар. Архив
Ысык-Көлдөгү эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өлкөнүн туристтер көп бара турган району жетишсиз көлөмдө салык чогултканын, ал эми ал жактагы пансионаттардын баасы бир нече жүздөгөн долларды чапчый турганын белгиледи.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн курорттук аймагынан орун алган пансионаттар өткөн жылдын эсеби менен 102 миллион сом салык төккөнү Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Өкмөт башчы Темир Сариев Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын салык төлөмүнө кызыкты. Райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин маалыматы боюнча казынага эс алуу жайларынан казынага 102 миллион сом салык чогултулган.

"102 миллион? Ысык-Көл — Бул Кыргызстан, Орто Азиянын бермети. Миллиондогон туристтер келип жатат. Анан чогултканыңар 102 миллионбу?", — деп нааразы болду премьер-министр.

Анын айтымында, бул сумманын 19 миллионун эки пансионат которгон. 

"Бир кишиге 300 доллардан алган пансионаттар кана?" — деди Сариев.

Өкмөт башчы жалпы республикалык кырдаалга өтүп, салык чогултууга райондук башкармалыктын жетекчилери керт башы менен жооп бере турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0