"Кыргызкөмүр" ТЭЦти лабораториялык изилдөөдөн өткөн көмүр менен камсыздайт

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКөмүр жүктөп жактан адам. Архив
Көмүр жүктөп жактан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүрдүн сапатын аныктай турган өздүк лаборатория курууну пландаштырып жатат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы ТЭЦке лабораториялык изилдөөдөн өткөн көмүрдү жеткире турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, лабораториянын адистери алып келинген көмүрдүн калориялуулугун, күлдүүлүгүн жана нымдуулугун дыкат текшерип чыгат. Ага ылайык, Кара-Кече кенинен алынган көмүрдүн сапаты бардык талаптарга жооп берери аныкталган.

Инвестиция жана көмүрдүн сапатын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Надырбек Бекжанов "Кыргызкөмүр" ишканасы Кара-Кечедеги радиациялык фонго өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

"Көмүрдү ТЭЦке алып келгенге чейин Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын адистерин чакырып, радиациялык фонду текшертебиз", — деди ал. 

Учурда "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүрдүн сапатын аныктай турган өздүк лаборатория курууну пландаштырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0