Сариев: быйыл 300 миң тоннага чейин кызылча өндүрүү пландалууда

© Sputnik / Мария Сибирякова / Медиабанкка өтүүКызылча. Архив
Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын суроосуна жооп берип жаткан өкмөт башчы кант өндүрүүчүлөр менен жакында эле жолукканын айтып, кызылча боюнча 80 пайызга чейин керектөө жабыларын белгиледи.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Быйылкы жылы 300 миң тоннага чейин кызылча өндүрүү пландалып жатканын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов быйыл дыйкандар кыйын абалда экенин айтып, өкмөт тараптан көрсөтүлүүчү жардамга кызыкты.

"Быйыл дыйкандар кызылча айдар-айдабасын билбей турушат. Өкмөт жардам береби?", –– деп сурады Өмүркулов.

Өкмөт башчы бул суроого кант өндүрүүчүлөр менен жакында эле жолукканын айтып, быйыл кызылча өндүрүүнү 300 миң тоннага чейин жеткирүү пландалып жатканын белгиледи.

"Быйыл буюрса кызылча боюнча 80 пайызга чейин керектөөнү жабабыз, баа боюнча кыйынчылык бар, маселени чечүү оңой эмес", –– деди өкмөт башчы.

Кечээ Сариев Жогорку Кенештин депуттарынынын суроолоруна жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0