Сариев: ЕАЭБге өтүү өлкөнү каатчылыктан сактап калды

Жазылуу
Интеграциялык бирикмеге кирүү өлкөнүн кызыкчылыгына төп келди. Эгер кирбей калса Кыргызстандын экономикасы 2-3 эсе көп жабыр тартмак.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык бирикмеге кирүүнүн зыянынан пайдасы көп болду. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Өткөн жылдын 12-августунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы чек арасы ачылып, Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болуп калган. 

"ЕАЭБге кирүү — тарыхый чечим. Эгер кирбесек, кырдаал 2-3 эсе кыйын болмок. Анткени биздин негизги рыногубуз — Казакстан менен Россия", — деди өкмөт башчы.

Анын айтымында, негизги өнөктөштөр учурда кыйын мезгилди башынан кечирип жатат, бирок убакыттын өтүшү менен бардыгы өз калыбына келет.

"Бизди интеграциялык биримдикке кирбеген коңшулар менен салыштырып көрүүгө болот. Нефть менен газга ээ экенине карабастан, алардын валютасы арзандап жатат, ал эми биздин валюта туруктуу сакталып турат", — деди Сариев.

Премьер-министр өлкөнүн алдында көп максаттар бар экенин, аларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0