Кыргызстанда 17 миң салык төлөөчү декларация тапшырды

Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата 17 миңден ашуун салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бирдиктүү салык декларациясын 2295 юридикалык жак, 9435 жеке ишкер жана 5485 жеке жак тапшырган.

Салык төлөөчүгө эскертме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн эки жылга узартуу сунушталууда
Маалыматка ылайык, былтыркы жылы алынган кирешелери тууралуу отчетту юридикалык жактар 1-мартка чейин, ал эми жеке жактар 1-апрелге чейин салык органдарына тапшырышы керек. 

1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0