Доллар менен алынган ипотекалык насыяны сомго өткөрүү арыздары 20 күн кабыл алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар менен сом валюталары. Архив
Доллар менен сом валюталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул убакыт аралыгында банкка арыз менен кайрылуу зарыл. Болбосо долларлык насыяны сомго өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн куру жалак калуу коркунучу бар.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Валюта менен алынган ипотекалык насыяны сомго өткөрүү үчүн 20 күндүн ичинде — 11-февралдан 1-мартка чейин арыз жазуу керектигин Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова билдирди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бюджеттик кызматкерлердин жана аз камсыз болгон калк катмарынын доллар менен алган ипотекалык насыяларын сомго өткөрүүнү тапшырган.

"Трансформациялоо программасына кирген жарандардын баары 20 күндүн ичинде — 11- февралдан 1-мартка чейин насыяны сомго которуу боюнча каражат алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банктар аталган программа тууралуу 1-февралдан баштап 10-февралга чейин маалымат тарата баштайт. Андан кийин 10 күн аралыгында бардык арыздар Улуттук банкка жөнөтүлөт. Башкача айткан, конвертация бир айдын аралыгында жүрөт", — деди Сейткасымова.

Программага 2015-жылдын 1-июлуна чейин 40 миң долларга чейин насыя алган жарандар кирет. Мындан тышкары, акча алган жактын Кыргызстандын жараны жана турак-жайынын болушу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0