Жалал-Абадда ишкерлерге улуттук валютада насыялар берилет

Жазылуу
Негизинен бул сапар шаарда чакан ишканаларды ачуу, ишкерлердин бизнестерин өнүктүрүү, жумушсуздук менен күрөшүүгө багытталган долбоорлор каржыланмакчы.

БИШКЕК, 30-янв. – Sputnik. Ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн улуттук валютада насыялар берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мэриясынан кабарлашты.

Шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирген. 

Ал каражат негизинен шаарда чакан ишканаларды ачуу, ишкерлердин бизнестерин өнүктүрүү, жумушсуздук менен күрөшүүгө жумшаларын билдирген.

"Ишкерлердин бизнесин өнүктүрүү үчүн улуттук валютада насыялар берилет. Мындан сырткары, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн аталган программанын алкагында семинар жана тренингдер өткөрүлүп турат", — деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Маалымат кызматы насыяны BPN (Business Professionals Network) деп аталган кесипкөй бизнесмендердин эл аралык тармагы бөлө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0