Акыркы эки жылда "Кыргызкөмүр" кара алтынды бир нече эсеге көп казып алды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКөмүр кени. Архив
Көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмүр казуу менен бирге мамлекеттик ишкана насыялык карызынан кутулуп, атайын техника сатып алууга жетишти.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Акыркы эки жылдын аралыгында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 354 миң тонна көмүр казып алганын аталган мекеме билдирди.

2013-жылы 63 тонна казылып алынса, андан бир жыл мурун болгону 43 миң тонна кара алтын алынган.

Кара-Кече көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кече кенинен көмүр өндүрүүдө экологияга көңүл бурулат
Ал эми былтыр 236 миллион сомдук продукция өндүрүлгөнү белгилүү болду. Муну менен бирге ишкананын 130 миллиондук насыя карызы 10,8 миллион сомго төмөндөдү. 

Мекеме 2015-жылы өкмөт тарабынан бөлүнгөн үстөксүз 50 миллион сомго эки экскаватор, үч жүктөгүч жана бир бульдозер сатылып алынганын белгилейт.

Мындан тышкары, кошумча тоо техникасын алуу үчүн "Кыргызкөмүр" Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусуна маалымдама тапшырган. Учурда ал каралып жатат.

"Кыргызкөмүр" ишканасы республикадагы көмүр казган 34 ишкананы карамагына алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0