Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 50 миллион сомду түзөт

Жазылуу
Турак жайды камсыздандыруу үчүн айылдыктар жылына 600, шаардыктар 1200 сом төлөйт. Ал эми кырсык болгон учурда айыл жергесиндеги турак-жайлар 500 миң сом, шаардагы турак-жайлар 1 миллион сомго чейин каражат алууга жол ачылат.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүү жарандардын кызыкчылыгын камсыздоо максатында аткарылууда. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) түзүү боюнча жумушчу жыйында айтты.

Жыйында МКУ түзүү жана турак-жайды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүүнүн жол-жобосу талкууланды. Сариев турак-жайды камсыздандыруу жаатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин билдирди.

"Турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүү жарандардын кызыкчылыгын камсыздоо максатында аткарылып жатат. Калк турак-жайды камсыздандыруу менен кырсык болгон учурда компенсация алууга мүмкүнчүлүк алат. Аны мамлекетке караштуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзөт. Турак-жайды камсыздандыруу бардык өлкөлөрдө таралган практика", — деди өкмөт башчы.

Осаго полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаасын камсыздандырбай жүргөндөргө айып пул 2018-жылдан баштап салынат
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 50 миллион сомдук уставдык капитал менен түзүлүүдө.

Анын алкагында айыл жергесиндеги турак-жай ээлери жылына 600 сом, ал эми шаардыктар 1200 сом төлөйт. Ал эми кырсык болгон учурда айыл жергесиндеги турак-жайлар 500 миң сом, шаардагы турак-жайлар 1 миллион сомго чейин каражат алууга жол ачылат.

Премьер-министр турак-жайды камсыздандыруу боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0