Ошто быйыл кытайлык ишкана муздаткыч чыгарууну пландап жатат

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүМуздаткыч чыгаруучу завод. Архив
Муздаткыч чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр түштүк борбордо 1223 иш орундары түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Ош калаасында 23 ишкана ачылган, ал эми быйыл кытайлык ишкана менен биргеликте муздаткычтарды жана газ плиталарды чыгаруу пландалууда. Бул туурасында шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Түштүк борбордо ачылган жыйырмадан ашуун ишканалар негизинен өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана соода-сатык багытында иш алып барууда. 

Алар 90 миллион сомдон ашуун инвестицияларды тартып, 1223 иш орундарын түзгөн. 

"Быйыл кытайлык ишкана менен биргеликте муздаткычтарды жана газ плиталарды чыгаруусу пландаштырылган", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Бул долбоорду ишке ашуруу үчүн жалпысынан 1,7 миллион доллар тартуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0